Жолугушуунун жүрүшүндө ВАУАнын учурдагы иш багыттары, ишке ашырылып жаткан долбоорлор, виртуалдык активдер чөйрөсүн мындан ары өркүндөтүү боюнча милдеттер, ошондой эле мамлекеттик органдар менен кесипкөй коомчулуктун ортосундагы конструктивдүү өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү маселелери талкууланды.
Өзгөчө көңүл ВАРКА ЮЖБнын рынокту өнүктүрүү жана виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү ченемдик-укуктук базаны өркүндөтүү процесстерине активдүү катышуусуна бурулду. Рыноктун катышуучулары менен өз ара аракеттенүү ченемдик чечимдерди иштеп чыгууда жана өркүндөтүүдө бизнестин практикалык тажрыйбасын, тармактын актуалдуу муктаждыктарын жана укук колдонуу практикасында келип чыккан маселелерди эске алууга мүмкүндүк берет.
Кызматташуунун өзүнчө багыты катары санариптик жана финансылык сабаттуулукту жогорулатууга, рыноктун катышуучуларынын, мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн жана башка кызыкдар тараптардын кесиптик компетенцияларын өнүктүрүүгө багытталган программаларды жана долбоорлорду ишке ашырууга ВАРКА ЮЖБнын катышуусу аныкталды.
Өз ара аракеттенүүнүн маанилүү багыты рыноктун керектөөлөрүн жана актуалдуу суроо-талаптарын изилдөө, анын ичинде жаңы финансылык жана санариптик инструменттердин өнүгүшүнө талдоо жүргүзүү болуп саналат.
Жолугушуунун жыйынтыгында ВАУА жана ВАРКА ЮЖБ мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн негизги багыттарын аныктаган кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюшту.