АЧЫК-АЙКЫНДУУЛУК. КООПСУЗДУК. ИННОВАЦИЯЛАР.
Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган.
Виртуалдык активдер рыногун мамлекеттик жөнгө салууну, лицензиялоону жана өнүктүрүүнү жүзөгө ашырып, анын коопсуздугун, ачыктыгын жана эл аралык стандарттарга шайкештигин камсыздайт.
2026-жылдын 1-октябрында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар боюнча улуттук агенттигинин (ВАУА) жетекчиси Ф.А. Иминов «Виртуалдык активдер рыногунун катышуучуларынын ассоциациясы» юридикалык жактардын бирикмесинин (ВАРКА ЮЖБ) төрагасы Темир Казыбай менен жолугушуу өткөрдү.
Иш-чаранын алкагында ШКУга мүчө мамлекеттердин стартаптар форуму жана «Санариптик кызматташтык: инвестициялар жана технологиялык өнөктөштүк үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр» аттуу панелдик сессия болуп өттү.
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн технологиялары боюнча Улуттук агенттикте (ВАУА)да Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын өкүлдөрү катышкан мекеме аралык жыйын өттү.
Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана кылмыштуу ишмердүүлүктү каржылоого каршы аракеттенүү боюнча Комиссиянын чечимдерин аткаруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар боюнча улуттук агенттик кызыкдар мамлекеттик органдардын жана уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда виртуалдык активдер секторунда Travel Rule талаптарын ишке ашыруу маселелери боюнча жумушчу жолугушуу өткөрдү.
Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун «Улуттук тазалык күнү жана 2023–2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө» Жарлыгын аткаруу максатында, 2026-жылдын 19-сентябрында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар боюнча улуттук агенттиктин (ВАУА) жамааты жалпы республикалык ишембиликке катышты.
Бүгүн, 5-сентябрда, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин үчүнчү жыйыны болуп өттү.
2026-жылдын 5-сентябрында Чолпон-Ата шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин үчүнчү жыйыны болуп өттү.
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар боюнча улуттук агенттик (ВАУА) Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын “Виртуалдык активдер жөнүндө” Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамынын жоболорун ишке ашыруу максатында иштелип чыккан ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкууга чыгарды.
Binance компаниясы Geeks Academy менен биргеликте, Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар боюнча улуттук агенттиктин (ВАУА) колдоосу астында «Адан Яга чейин крипто» аттуу акысыз билим берүү курсун ишке киргизет.
2026-жылдын 15-июнунда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар боюнча улуттук агенттиктин (ВАУА) Башчысы Фархат Иминов Вьетнамдын ири ROX Group компаниясынын негиздөөчүсү Чан Ань Туан менен жолугушту.
Binance Кыргызстандагы MegaPay менен интеграцияны баштады.
Эл аралык Binance криптовалюталык платформасы KGST стейблкоинин TRON блокчейн тармагына (TRC20) интеграциялады.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жана TRON блокчейн-платформасынын негиздөөчүсү Жастин Сан бүгүн, 18-апрелде, "Ала-Арча" мамлекеттик жаратылыш паркында этно-маданий программа менен таанышты.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 18-апрелде, TRON блокчейн-платформасынын негиздөөчүсү Жастин Санды кабыл алды.
2026-жылдын 9-апрелинде Бишкекте Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин Катчылыгынын жетекчиси Фархат Иминов Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николас Боулер менен жолугушту.
2026-жылдын 9-апрелинде Бишкекте Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин Катчылыгынын жетекчиси Фархат Иминов АКШнын Мамлекеттик департаментинин жана Жарандык изилдөөлөр жана иштеп чыгуулардын глобалдык фондунун (CRDF Global) өкүлдөрү менен жолугушту.
Виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү ченемдик-укуктук базаны иштеп чыгуу жана өркүндөтүү.
Чет элдик уюмдар менен өнөктөштүк жана глобалдык демилгелерге катышуу.
Виртуалдык активдер рыногу чөйрөсүндө лицензиялоону/уруксат берүүчү документтерди берүүнү жүзөгө ашыруу.
Санариптик сабаттуулукту жогорулатуу, адистерди окутуу жана форумдар.