Форумга миңден ашуун катышуучулар, анын ичинде министрлер, расмий делегациялардын мүчөлөрү, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, инвесторлор жана КМШ, Азия, Европа жана дүйнөнүн башка аймактарындагы алдыңкы технологиялык компаниялардын өкүлдөрү катышты.
TAJ-TECH 2026 форумуна катышуу ВАУАнын өкүлдөрүнө тажрыйба алмашууга жана санариптик технологиялар жана виртуалдык активдер чөйрөсүндө кесиптик байланыштарды кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк берди.
Маалымат үчүн: TAJ-TECH 2026, 2026-жылдын 29-30 сентябрында Душанбе шаарында өткөн эл аралык технологиялык форум. Форум Тажикстан Республикасынын Президентине караштуу Инновациялар жана санариптик технологиялар агенттигинин демилгеси менен өткөрүлдү.