Ченемдик укуктук актылардын долбоорлору ЧУА долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында (koomtalkuu.gov.kg), ошондой эле ВАУАнын расмий сайтында (nava.gov.kg) жайгаштырылды.
Коомдук талкууга төмөнкү багыттарды жөнгө салууну караган ченемдик укуктук актылардын долбоорлору сунушталды:
· виртуалдык активдерди алмаштыруу боюнча операторлордун ишин лицензиялоо жана жөнгө салуу;
· виртуалдык активдердин тооругунун операторлордун (криптобиржалардын) ишин лицензиялоо жана жөнгө салуу;
· стейблкоиндердин эмиссиясы (чыгарылышы) жана жүгүртүү;
· реалдуу активдер менен камсыздалган токендерди (RWA-токендерди) чыгаруу (эмиссиялоо) жана жүгүртүү;
· виртуалдык активдердин субъекттерине карата таасир этүү чараларын колдонуу;
· Кыргыз Республикасында инновациялык кызмат көрсөтүүлөрдү/технологияларды киргизүүгө байланыштуу виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү атайын жөнгө салуучу режим (жөнгө салуучу пилоттук чөйрө);
· майнинг ишин жүргүзүү үчүн сертификатты каттоо жана берүү тартиби.
Долбоорлор эл аралык тажрыйбаны жана жөнгө салуудагы алдыңкы ыкмаларды эске алуу менен иштелип чыккан. Ошондой эле алар виртуалдык активдер рыногун мамлекеттик жөнгө салуу механизмдерин өркүндөтүүнү, анын ичинде тобокелдикке багытталган мамилени, корпоративдик башкарууга коюлуучу талаптарды, рыноктун катышуучуларынын финансылык туруктуулугун камсыз кылууну, колдонуучулардын жана инвесторлордун укуктарын коргоону, ошондой эле кылмыш жолу менен алынган кирешелерди мыйзамдаштырууга (адалдоого) жана террордук ишмердүүлүктү каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарын жана эл аралык стандарттарды сактоону карайт.
ВАУА мамлекеттик органдарды, виртуалдык активдер рыногунун катышуучуларын, эксперттик коомчулуктун өкүлдөрүн, бизнес-чөйрөнүн өкүлдөрүн жана бардык кызыкдар тараптарды ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоого активдүү катышууга, ошондой эле өз сунуштарын жана сын-пикирлерин ЧУА долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы же ВАУАнын расмий сайты аркылуу берүүгө чакырат.