ВАУАнын жамааты жалпы республикалык ишембиликке катышты
19 сентябрь 2026
Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун «Улуттук тазалык күнү жана 2023–2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө» Жарлыгын аткаруу максатында, 2026-жылдын 19-сентябрында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар боюнча улуттук агенттиктин (ВАУА) жамааты жалпы республикалык ишембиликке катышты.
Иш-чаранын алкагында ВАУАнын кызматкерлери Агенттикке караштуу жана ага чектеш аймактарды таштандылардан жана куураган чөптөрдөн тазалоо, ошондой эле сейил бактарды жана жөө жүрүүчү зоналарды тийиштүү абалга келтирүү боюнча көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо иштерин жүргүзүштү.