НАВА Национальное агентство по виртуальным активам и блокчейн-технологиям при Президенте КР
KGST 1 сом 0.0% BTC $83 848 -0.8% ETH $2 687 0.0% USDT $1.00 0.0% BNB $774 -1.2% SOL $121 +3.6% XRP $1.57 +3.4% USDC $1.00 0.0% ADA $0.26 +2.5% DOGE $0.10 +1.4% TRX $0.34 -1.4%

ВАУА виртуалдык активдер секторунда Travel Rule талаптарын ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүүнү демилгеледи

24 сентябрь 2026

Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана кылмыштуу ишмердүүлүктү каржылоого каршы аракеттенүү боюнча Комиссиянын чечимдерин аткаруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар боюнча улуттук агенттик кызыкдар мамлекеттик органдардын жана уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда виртуалдык активдер секторунда Travel Rule талаптарын ишке ашыруу маселелери боюнча жумушчу жолугушуу өткөрдү.

ВАУА виртуалдык активдер секторунда Travel Rule талаптарын ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүүнү демилгеледи
/ 2

Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана кылмыштуу ишмердүүлүктү каржылоого каршы аракеттенүү боюнча Комиссиянын чечимдерин аткаруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар боюнча улуттук агенттик кызыкдар мамлекеттик органдардын жана уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда виртуалдык активдер секторунда Travel Rule талаптарын ишке ашыруу маселелери боюнча жумушчу жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын өкүлдөрү катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар Виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү эл аралык стандарттарды, анын ичинде FATF тарабынан белгиленген Travel Rule талаптарын жана аларды Кыргыз Республикасында практикалык жактан ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.

Өзгөчө көңүл виртуалдык активдерди которууда виртуалдык активдер боюнча кызмат көрсөтүүчүлөр ортосунда маалымат алмашууга, жөнөтүүчү жана алуучу тууралуу маалыматтарга коюлган талаптарга, тиешелүү маалыматтарды берүү жана сактоо механизмдерине, ошондой эле мамлекеттик органдар менен рыноктун катышуучуларынын өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.

Катышуучулар Сингапур, Европа Биримдиги, Улуу Британия, Япония, Швейцария жана Бириккен Араб Эмираттары сыяктуу юрисдикцияларда Travel Rule талаптарын жөнгө салуу жана ишке ашыруу боюнча эл аралык тажрыйбаны карап чыгышты.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын колдонуудагы ченемдик-укуктук базасына талдоо жүргүзүлүп, эл аралык стандарттарды жана виртуалдык активдердин улуттук рыногунун өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен жөнгө салууну мындан ары өркүндөтүүнүн мүмкүн болгон ыкмалары талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында ведомстволор аралык жумушчу топ түзүү боюнча макулдашууга жетишилди. Анын алкагында эл аралык ыкмаларды, колдонуудагы мыйзамдарды жана Кыргыз Республикасында Travel Rule талаптарын практикалык колдонуу механизмдерин мындан ары талдоо пландалууда.

Бул багыттагы иштер виртуалдык активдер менен операцияларды жөнгө салуунун эл аралык стандарттарга ылайык келген ачык-айкын жана натыйжалуу системасын калыптандырууга, ошондой эле акчаларды адалдоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү механизмдерин өркүндөтүүгө багытталган.

Маалымат үчүн:

Travel Rule — FATF тарабынан 16-сунуштаманын алкагында иштелип чыккан жана виртуалдык активдер менен операцияларга ылайыкташтырылган эл аралык талап. Ал тиешелүү кызмат көрсөтүүчүлөр ортосунда виртуалдык активдерди которууда жөнөтүүчү жана алуучу тууралуу белгилүү бир маалыматтарды берүүнү карайт.

Бул талапты колдонуу виртуалдык активдерди которуулардын ачык-айкындуулугун жогорулатууга жана акчаларды адалдоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү максатында операцияларга тийиштүү мониторинг жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга багытталган.

FATF (ФАТФ) — акчаларды адалдоого, терроризмди каржылоого жана массалык кыргын салуучу куралдарды жайылтууну каржылоого каршы аракеттенүү жаатында эл аралык стандарттарды белгилеген жана мамлекеттердин аларды натыйжалуу ишке ашыруусуна көмөктөшкөн өкмөттөр аралык орган.

Шрифттин өлчөмү

Түс